Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Өзбекстан Екатеринбургда ара жолдо калган жарандарын алып келди


Чет мамлекеттерден Кыргызстандын 4371 жараны келе албай жатат.
Чет мамлекеттерден Кыргызстандын 4371 жараны келе албай жатат.

Өзбекстан «Урал аба жолдору» авикомпаниясы аркылуу Орусиянын Екатеринбург шаарынан 152 жаранын алып келди. Бул эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн сүйлөшүүсү менен ишке ашты. Мигранттар учакка билети болгону менен мекенине кайта албай, бир жумадан бери шаардагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайда турушкан.

Коронавируска байланыштуу жагдайдан улам чек аралар жабылып, учактар каттамы токтогондон бери Орусияда Борбор Азия өлкөрүнөн барган жүздөгөн мигранттар ара жолдо калышкан.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына ылайык, чет мамлекеттерден Кыргызстандын 4371 жараны келе албай жатат. Февраль айынан бери сыртта жүргөн 6 миң кыргызстандык жаран өкмөттүн күчү менен алынып келген.

Жогорку Кеңеш 15-апрелдеги отурумунда буга байланыштуу атайын токтом кабыл алган. Анда өкмөткө четтен келе албай жаткан кыргызстандыктарды кайтаруу маселесин чечүүгө бир жума убакыт берилген. Андан сырткары аткарылган иштер тууралуу өкмөт ар бейшембиде парламентке келип маалымат берүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG