Муктаж болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын сатып алыш үчүн 200 млн. сом бөлүндү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Чечимге ылайык, акча мамлекеттик бюджеттеги резервдик каражаттан алынды.
Аймактарда гуманитардык жардамды бөлүштүрүш үчүн өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жоопкерчилик алат. (BTo)