Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:58

Султангазиев: Коронавирус боюнча чыныгы маалымат жашырылып жатат


Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

Медицина тармагы боюнча адис Айбар Султангазиев саламаттык сактоо тармагындагы жетекчилер коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы чыныгы кырдаалды жашырып жатканын айтып чыкты.

«Элге туура эмес маалымат берүү согуш учурда душманды адаштарып, канча аскериң, куралың бар экенин билдирбеш үчүн пайдасын тийгизиши мүмкүн. Бирок азыр биз коронавирус менен согушуп жатабыз. Ошондуктан эл, өкмөт туура чечим кабыл алыш үчүн так маалымат керек. Анык маалыматтын жоктугу вирус менен күрөшүүдө зыянын тийгизет», - деди Султангазиев.

Эксперт Кыргызстанда коронавирустун жаңы толкуну келатканын, бирок даярдык начар экенин билдирди. Анын сөзү боюнча өлкөдө COVID-19 вирусунун биринчи толкуну илдетти чет өлкөдөн жугузуп келгендер болуп эсептелет. Экинчи толкуну алар менен байланышта болуп ооруп калган жакындары жана дарыгерлер. Ал эми үчүнчү толкун бул – вирус жалпы тараган учур. Адамдар анда коронавирусту коомдук жайлардан, вирусту алып жүрүүчүлөрдөн жугузуп алышы мүмкүн.

Султангазиев өлкөдө адамдардан массалык түрдө тест алууга тест-системалар жетишсиз экенин, бийлик анын санын көбөйтүш керек экенин кошумчалады. Бирок ага жетиштүү каражат бөлүнбөй жатканын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.

Республикалык штаб коронавирусту аныктоочу тест-системаларды сатып алып жатканын кабарлаган. Ошондой эле эл аралык уюмдардан жана бир катар өлкөлөрдөн жардам катары тесттер, медициналык каражаттар келип жатат. Штаб өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча күн сайын брифинг уюштуруп, маалымат берүүдө. (BTo)

XS
SM
MD
LG