Кыргызстанда 17-апрелге карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 23 адамдан табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын ичинен Бишкек шаарында 14, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 4, Ош шаарында 2 киши катталды.
Бир суткада 23 бейтап айыгып чыкты.
Ошентип, жалпысынан 18-марттан 17-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 489 адамдан табылды, алардын бешөө каза тапты, 114 адам айыгып чыкты.
Оору жуккан 489 адамдын аймактар боюнча көрсөткүчү төмөнкүдөй:
Ош облусунда – 135
Жалал-Абад облусунда – 93
Бишкек шаарында – 102
Ош шаарында – 73
Нарын облусунда – 45
Чүй облусунда – 28
Ысык-Көл облусунда – 8
Баткен облусунда – 5 киши.
Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.
14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду.
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель болот деп божомолдоп жатат. (RK)