Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 116га жетти (видео)


Иллюстрациялык сүрот.
Иллюстрациялык сүрот.

Соңку бир сутка ичинде Кыргызстанда 12 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу 17-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын жетөө Бишкекте, Ош облусунда төртөө (Ноокат районунда – 3, Өзгөн районунда – 1), Ош шаарында бирөө.

Жалпысынан республика боюнча 116 медицина кызматкерине COVID-19 диагнозу коюлду.

17-апрелге карата бул илдет жалпысынан 489 кыргызстандыкка жукту.

«Азаттык» менен байланышка чыккан дарыгерлер илдетти жумуш ордунан жугузуп алганын, аларга коргонуу чаралары айтылбаганын билдиришкен.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов оору жуккан дарыгерлер тууралуу сөзү үчүн кечирим сураган.

Илдет жуккандардын арасында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана санитарлар бар экенин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG