Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

COVID-19: Бишкекте бир бейтапкана убактылуу жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги №17 бейтапкананын иши дезинфекция жүргүзүш үчүн убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бул медицина жайынын төрт кызматкеринен коронавирус табылгандыктан ушундай чечим кабыл алынды.

Маалыматта «Бейтапкананын башкы имараты жабылды, филиалы ишин уланта берет» деп айтылат.

Жалпысынан 17-апрелге карата республика боюнча 116 медицина кызматкерине COVID-19 диагнозу коюлду.

№17 бейтапкана Бишкектин Ленин районунун аймагында жайгашкан.

17-апрелге карата бул илдет жалпысынан 489 кыргызстандыкка жукту.

«Азаттык» менен байланышка чыккан дарыгерлер илдетти жумуш ордунан жугузуп алганын, аларга коргонуу чаралары айтылбаганын билдиришкен.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов оору жуккан дарыгерлер тууралуу сөзү үчүн кечирим сураган.

Саламаттык сактоо министрлиги илдет жуккандардын арасында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана санитарлар бар экенин кабарлаган. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG