Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Ошто коменданттык саатты бузган төрт кишинин үчөө мас болгон


Малик Нурдинов.
Малик Нурдинов.

Бул тууралуу Ош аймагынын комендатура башчысы Малик Нурдинов 17-апрелдеги брифингде билдирди. Комендант өзгөчө абал учурунда аймакта спирт ичимдиктерин сатууга салган тыюусу кайра алынышы боюнча да маалымат берди.

«Бул оңой эле ишке аша коюучу процесс эмес экен. Ал үчүн салык кызматынын, жергиликтүү кеңештердин жана башка тиешелүү мекемелердин макулдугу керек экен. Ошондуктан алкоголдук ичимдик сатууну тыюу маселеси азыр кайра каралып, иштелип жатат», - деди Малик Нурдинов.

Комендант ошондой эле жарандарды өзгөчө абал учурунда жеке маселелерди азайтып, ары-бери каттоону чектөөгө чакырды.

Өзгөчө абал киргизилген Ош аймагында алкоголдук ичимдиктерди сатууну тыюу тууралуу буйрукту комендант Малик Нурдинов 13-апрелде чыгарган. 17-апрелде буйрукту жокко чыгарганы маалым болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG