Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Өзбекстан быйылкы ажылык сапарды расмий токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Дин иштери боюнча башкармалыгы коронавирустан улам быйылкы ажылык сапар болбой турганын кабарлады. Мекеме тараткан маалыматта, буга байланыштуу Сауд Арабиясынан билдирүү келгени айтылат.

Аталган комитет ажылык сапарга барууну каалагандардын азыркы кезеги сакталарын, эмдиги жылы ошол тизме менен жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Ушул айдын башында Сауд Арабиясынын ажы жана умра иштери боюнча министри Мухаммед Салех Бентан коронавируска байланыштуу жагдай жөнгө салынмайынча быйылкы ажылык зыяратка камынган жүз миңдеген мусулмандарды бул сапарга ашыкпай турууга чакырган.

Быйылкы ажылык сапар 28-июлда башталып, 2-августка чейин уланмак. Ушул жылдын февраль айында Сауд Арабиясы Мекке менен Медина шаарларына чет өлкөлүк зыяратчылардын келишин чектеген.

XS
SM
MD
LG