Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Бириккен Араб Эмираттарынан кыргызстандыктар чартердик каттам менен кайтышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Араб Эмираттарындагы үйүнө кайтууну каалаган кыргызстандыктар апрелдин аягында, май айынын башында үч баскыч менен жеткирилери болжолдонууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги менен сүйлөшүү жүргүздү. Министрликтин маалыматына караганда, сүйлөшүүдө 26-апрель күнү «Дубай-Бишкек» чартердик каттамын уюштуруу маселеси каралды. Андан тышкары Араб Эмираттарынан кыргызстандыктарды алып чыгып кетиш үчүн 3-майда жана 10-майда кошумча учак каттамын уюштуруу жөнүндө алдын-ала макулдашылды.

Ушул тапта үйүнө кайта албай, чет өлкөлөрдө турган 4 миңден ашык кыргызстандык бар. Алардын 350сү Бириккен Араб Эмираттарында.

Маалыматта айтылгандай, бул маселе президент Сооронбай Жээнбековдун чет мамлекеттерде мекенине кайта албай калган жарандарды кайтаруу тууралуу тапшырмасына ылайык чечилүүдө.

Коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай калган кыргызстандыктардын көйгөйү 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында талкууланып, жарандарды кайтарууга өкмөткө бир жумалык мөөнөт берген.

Өкмөт буга чейин 6 миң кыргызстандык мекенине алынып келгенин, азыркы тапта дагы 4371 адам келе албай жатканын билдирген. 17-апрелде Түркияда калып калган 487 адамдын 212си чартердик каттам менен Кыргызстанга учурулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG