Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

HRW азери бийлигин куугунтук үчүн айыптады


Азербайжанда коронавирус 1238 адамдан аныкталды, илдет 15 кишинин өмүрүн кыйды. 

«Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Азербайжанда бийлик коронавирус коркунучунан улам киргизилген чектөөлөрдүн шары менен өкмөттү сындагандарды камап жатканын айтып чыкты.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан бул уюм тараткан билдирүүдө соңку апталарда бери дегенде алты оппозициялык активист менен журналист «негизсиз айып менен» 10 күндөн 30 күнгө чейин камалганы айтылат. Анда бул адамдар камалар алдында обсервациялык борборлордун шартын, илдетти ооздуктоо, оор абалга кабылган жарандарга жардам берүү боюнча бийликтин иш-аракетин сындап чыгышканы көрсөтүлгөн.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Георгий Гогия бул көрүнүш азери бийлигине мүнөздүү экенин белгиледи жана Бакуну өлкөдөгү чукул абалды өз оюн эркин айткандарга каршы пайдаланбоого чакырды.

Азербайжанда коронавирус 1238 адамдан аныкталды, илдет 15 кишинин өмүрүн кыйды.

XS
SM
MD
LG