Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Жалал-Абадда коронавируска чалдыккан 93 кишинин 52си толук айыкты


Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан айыккан бейтаптарды чыгаруу учуру. 17-апрель 2020-жыл.
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан айыккан бейтаптарды чыгаруу учуру. 17-апрель 2020-жыл.

Жалал-Абад облусунун аймагында коронавирус илдети аныкталган 93 бейтаптын ичинен 52 киши айыгып чыкты. Алардын арасында медицинанын беш кызматкери да бар. Учурда Сузак райондук ооруканасында 40 киши, Ала-Бука аймактык ооруканасында 1 киши, Жалал-Абад клиникалык ооруканасында 1 киши дарыланып жатат. Бул тууралуу 17-апрелде коронавируска каршы күрөш боюнча Жалал-Абад облустук штабы кабарлады.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары Гүлбарчын Рахманова 16-марттан бери ооруканын инфекция бөлүмүндө жаткан 51 бейтап айыгып чыкканын билдирди:

«17-апрелде 14 бейтапты үйлөрүнө чыгарып жатабыз. Алардын тогузунан COVID-19 аныкталса, бешөө жакын байланышта болгон адамдар. Арасында эки айлык бөбөк, 10 жашка чейин эки бала да бар жана баары Сузак районунун тургундары. Ошондой эле буга чейин илдет аныкталган бир чарбачы айым да булар менен бирге айыгып чыкты. Ал эми бир жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү бир адамдын абалы орточо».

Рахимованын айтымында, акыркы он күндөн бери ооруканага COVID-19 илдети менен бир да бейтап келе элек.

Облус аймагында канча киши обсервацияга алынганы тууралуу так маалымат жок.

Кыргызстанда COVID-19 илдети биринчи жолу Сузак районунун умрага барып келген үч тургунан аныкталганын Саламаттык сактоо министрлиги 18-мартта расмий жарыялаган.

17-апрелдеги расмий маалымат боюнча соңку бир сутка ичинде коронавирус 23 адамдан жаңы табылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында 14, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 4, Ош шаарында 2 киши катталды. Бир суткада 23 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан өлкөдө бул илдет менен 489 адам катталды. Алардын 114ү сакайып чыкты, 5 киши каза болду. (RsK)

XS
SM
MD
LG