Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:38

Энеси коронавирустан көз жумган беларус жараны Лукашенкону сотко берди


Коллаж.
Коллаж.

Беларуста Александр Матвеев аттуу жаран энесинин өлүмүнө байланыштуу президент Александр Лукашенкону айыптап, аны сотко берди. 68 жаштагы Лидия Матвеева ушул айдын башында Витебск шаарында каза болгон. Ооруканадан берилген документте анын өлүмүнүн негизги себеби коронавирус болгону жазылган.

Матвеев башында анын апасынын диагнозун пневмония деп айтышканын билдирди:

«Лукашенко убагында эч кандай чара көргөн жок. Беларустун чек араларын жапкан жок. Эгер бийлик колунда туруп эч кандай чара көрбөй, жөн гана туруп берсе - анда жоопкерчиликке тартылышы керек. Бардык башка жарандардай эле анын да жоопкерчилиги болушу керек».

Лукашенконун администрациясы жана Беларустун Тышкы иштер министрлиги журналисттердин бул окуя боюнча суроолоруна жооп беришкен жок. Ал эми Лидия Матвеева каза болгон оорукананын өкүлү комментарий берүүдөн баш тартты.

Беларустун Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, COVID-19 илдетинен 35 адам көз жумду. Бирок президент Александр Лукашенко анын өлкөсүндө бир да киши коронавирустан өлбөгөнүн айтып жүрөт. Ал «каза болгондор өздөрүнүн өнөкөт ооруларынан улам көз жумган» деп билдирген.

 

XS
SM
MD
LG