Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:21

Орусияда коронавирус жуккан адамдар тынбай көбөйүп жатат


Орусияда коронавируска кабылгандар да, анда каза болгондор да көбөйүп жатат.
Орусияда коронавируска кабылгандар да, анда каза болгондор да көбөйүп жатат.

Орусияда өпкөнү сезгенткен вирус соңку бир күн ичинде дагы 4070 адамдан табылды жана бул ушул убакка карата эң чоң көрсөткүч болуп калды. Ооруга кабылгандар бул өлкөдө алты күндөн бери тынбай көбөйүп жатат жана илдетке кабылгандардын жалпы саны 32 миңден ашты.

Акыркы бир күндүн ичинде оорудан 41 адам көз жумду жана бул дагы эң чоң көрсөткүч болуп калды. Жалпысынан оору 273 адамдын өмүрүн алды жана 2,5 миңден ашык киши айыкты.

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө боюнча апрель айын иштебей турган күндөр деп жарыялалаган. Ал Орусиянын карамагындагы аймактардын башчыларына өздөрүнө ыңгайлуу карантин чараларын киргизиши үчүн кошумча ыйгарым укук берген.

XS
SM
MD
LG