Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Элден түшкөн акчадан дарыгерлерге 132 миллион сом бөлүнүп берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы алдын алуу жана дарылоо иштерине тартылган медицина кызматкерлеринин айлыгына кошумча үчүн апрель айынын жыйынтыгы менен 132 миллион сом жумшалат.

Бул тууралуу 17-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы Исмаилова: «Дарыгерлерге бардык кошумча төлөмдөр өз убагында берилет. Бул максатта 38,5 миллион сом бөлүнүп берилген, апрель айында 132 миллион сом бөлүү пландалууда», - деп айтканын кабарлады.

Кыргызстанда 18-марттан 17-апрелге чейин коронавирус 489 адамдан табылды, алардын арасынан 116 адам медицина кызматкери.

Коронавирус каттала баштаганда Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлигинде элден жана мекеме-уюмдардан акчалай жардам үчүн атайын эсеп ачылган.

Акчаны бөлүштүрүү комиссиясынын соңку жыйыны апрель айынын башында болгон. Анда ошол кезде чогулган акчадан алгачкы 38,5 миллион сомду дарыгерлерге берүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Чогулуп жаткан акча тууралуу маалымат Финансы министрлигинин сайтына улам жаңыланып чыгууда. Анда көрсөтүлгөндөй, 16-апрелге карата Саламаттык сактоо министрлигинин «коронавирус боюнча иш-чаралар» эсебине 128 миллион сом чогулган.

Кайсы медициналык мекемелерге канча сумма бөлүнүп жатканы тууралуу маалымат азырынча ачык эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG