Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 12 кишинин абалы оор

COVID-19 илдетине чалдыккан 12 кишинин абалы оор деп бааланып, анын ичинен алты бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу 18-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Бүгүнкү күндө 371 киши ооруканада жатат. Мунун ичинен он экиси оор абалда жатат. Жандандыруу бөлүмүнө алты бейтап которулган. 359 бейтаптын ден соолугу орточо абалда жана канааттандырарлык деп бааланды. Ооруканадан чыгарылгандардын саны 130, каза болгондордун саны беш киши”,- деди Үсөнбаев.

Бүгүнкү күндө COVID-19 илдети тастыкталган жарандар менен байланышта болгондордун саны 7 738 киши. Алардын ичинен 1 663 киши жакын байланышта болгондор. Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 075 адам жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG