Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Орозалиев Пасха майрамына карата жарандарга кайрылды


Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев Пасха майрамын утурлай кыргызстандыктарга кайрылды. Анда Орозалиев майрамды белгилегендерди карантиндин бардык талаптарын аткарууга чакырды.

“Эртең Пасха майрамы. Бул дүйнө жүзүндөгү христиандардын эң чон майрамы болуп эсептелет. Баарыңарды куттуктайм. Түшүнөм, баарыңар майрамдагыңар келип жатат. Бирок, коронавирус илдетин эске алып, колдон келишинче бардык талаптарды эске алып, жакындарыңардын коопсуздугун эске алууну суранам”, -деди комендант.

18-апрелде Кыргызстанда православ христиандары Пасха майрамы белгиленет. Башка жылдары бул күндү майрамдоо Бишкектеги борбордук чиркөөдө түндө башталчу. Кыргызстанда 40тан ашуун православ чиркөөсү христиандарга кызмат кылат. Өлкөдө христиан динин туткандар жалпы элдин 16% түзөрү айтылат. (TSh)

XS
SM
MD
LG