19-апрелде Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында 0...-2° үшүк жүрөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24;
Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18;
Нарын аймагында түнкүсүн 0...5, күндүз 13...18;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз 3...8 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 8...10, күндүз 21...23 градус.