Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев №17 Үй-бүлөлүк медицина борборундагы кырдаалды териштирип, күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин кароону тапшырды. Териштирүүнү көзөмөлдөө вице-премьер-министр Аида Исмаиловага жүктөлдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Бишкектин Чоң-Арык айылындагы №17 Үй-бүлөлүк медицина борборундагы төрт кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Алар учурда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жатат. Ал эми оорукана убактылуу жабылып, анын 22 кызматкери обсервацияга алынды. (TSh)