Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Чехияда эки оорукана киберчабуулга туш болду


Чехиядагы оорукана.
Чехиядагы оорукана.

Чехияда коронавирус менен ооруган бейтаптар жаткан эки оорукана жума күнү киберчабуулга туш болгону кабарланды. Тактап айтканда, Острава жана Оломоуц шаарларындагы бейтапканалар чабуулга кабылган.

Ага чейин 16-апрель күнү Чехиянын Маалымат жана киберкоопсуздук боюнча улуттук бюросу саламаттык сактоо системасына кибер коркунуч жөнүндө эскерткен. Учурда кимдер, кандай максатта кибер чабуул жасаганы маалымдала элек. Чех бийлигинин өкүлү Reuters агенттигине мунун артында техникалык мыкты даярдалган каршылаштар турганын айтты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео “кибер чабуулдар менен алектенгендер анын кесепттерине дуушар болорун" билдирди. Бирок Помпеонун кайрылуусунда мындай чабуулдардын артында ким турганы жөнүндө айтылган жок.

Чехия Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндөй эле коронавирустун жайылышына каршы катаал чараларды киргизген. Бийлик акыркы күндөрү жаңы жуктуруп алгандардан айыгып чыккандар көп болгондуктан акырындап чектөөлөр алына баштарын жарыялады.

Буга чейин Чехиянын коопсуздук кызматы бир нече мамлекеттик мекемелер орусиялык хакерлердин кибер чабуулуна туш болгонун билдирген. Анда Чехиянын Тышкы иштер министрлигинин базасы бузулган.

XS
SM
MD
LG