Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:30

19-апрель: Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 48 киши аныкталды (видео)

19-апрелде Кыргызстанда СOVID-19 илдети дагы 48 кишиден табылды. Жалпы республика боюнча коронавирус аныкталгандардын саны 554 кишиге жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Жаңы катталгандардан Ош облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 9,  Бишкек шаарында 9, Ош шаарында 9, Нарын облусунда 11, Чүй облусунда 2, Баткен облусунда 1 киши бар. Булардын ичинде 18 медицина кызматкери бар.

19-апрелде илдети аныкталгандардын ичинен үч бейтап сакайып чыкты. Алардын экөө Бишкек шаарынан, бирөө Нарын облусунан. Республика боюнча жалпысынан 133 киши бул ооруну жеңип чыкты. (TSh) 

XS
SM
MD
LG