Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Баш калка издеген 47 бала Германияга келди


Лесбос аралындагы лагерде турган бала. Грекия, март, 2020.
Лесбос аралындагы лагерде турган бала. Грекия, март, 2020.

Ооганстандан, Сириядан жана Эритреядан чогулган 47 бала 18-апрелде Германияга баш калка издеп келишти. Алар буга чейин Грекиядагы качкындар лагеринде отурушкан.

Расмий маалыматтарга ылайык, жеткинчектер Афинадан Ганновер аэропортуна учак менен жеткирилди, бирок аларды эч ким коштоп келген жок. Айрымдарын мурда Германияга келген ата-энелери тосуп алышты.

Ички иштер министри журналисттерге билдиргендей, баары медициналык текшерүүдөн өттү, эми эки жума карантинде болушат.

Тышкы иштер министри Хорст Зеехофер башка мамлекеттер да балдарды кабыл алуу чараларын көрөт деп ишенерин айтты.

Мартта немис бийлиги Грекиядагы лагерлерде отурган 350 баланы кабыл аларын маалымдаган. Бул кадам балдарды коргоо боюнча жалпы европалык милдеттенменин алкагында ишке ашмакчы. Бирок коронавирус пандемиясынан улам башка өлкөлөрдүн аракети байкала элек.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлү Стефан Дужарич маалымдагандай, апрелдин башына карата Грекиядагы лагерлерде Европадан башпаанек күткөн 5200 бала отурат. Алар Лесбос, Самос жана Киос аралдарында.

XS
SM
MD
LG