Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:39

АКШ менен Канаданын чек арасы дагы 30 күн жабык болот


Пандемиясына чейин Канада-АКШ чек арасынан күнүнө 200 миңге чукул адам өтүп турган.
Пандемиясына чейин Канада-АКШ чек арасынан күнүнө 200 миңге чукул адам өтүп турган.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Оттава менен Вашингтон чек арасын дагы 30 күн ачпай туруу жөнүндө макулдашканын билдирди. Аталган эки өлкөнүн ортосундагы каттамга өткөн айда чектөө киргизилген жана анын мөөнөтү келе жаткан жумада аяктамак. Коронавирус пандемиясына чейин Канада менен АКШнын чек арасынан күнүнө 200 миңге чукул адам өтүп турган.

Канадада өпкөнү сезгенткен жаңы вирус 31 миңден ашык адамдан аныкталды, оорудан 1300дөй киши көз жумду. Буга чейин ооругандардын көбү АКШга барып келгендер, же алар менен байланышта болгон жарандар экени айтылган.

АКШ COVID-19га чалдыккан жана андан өлгөндөрдүн саны боюнча биринчи орунда турат.

Кошмо Штаттарда ооругандардын саны 725 миңге жетти, илдет 38 800дөн ашык кишинин өмүрүн кыйды.

XS
SM
MD
LG