Кошмо Штаттары Гонконгдо өткөн жылдагы өкмөткө каршы нааразылык акцияларынан улам демократиячыл 14 активисттин камалганын айыптады. Мамлекеттик катчы Майк Помпео бул Бээжин Лондондон бул шаарды өзүнүн карамагына алып жатканда берген убада-милдеттенмесине каршы келерин айтты:
"Бээжин жана анын Гонконгдогу өкүлдөрү Кытай-Британ биргелешкен декларациясындагы милдеттенмелерге жат иш-аракеттерин улантып жатат".
Гонконгдогу демократиячыл активисттердин камалышына байланыштуу Британия да үн катты. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Гонконгдо жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу Бээжин менен Лондондун ортосундагы биргелешкен декларацияда эле эмес, аталган өлкөнүн негизги мыйзамында да жазылуу экенин эскертти.
18-апрелде Гонконг полициясы былтыркы нааразылык акцияларынан улам 14 активистти кармап кеткен. "Рейтерс" агенттиги алардын арасында укук коргоочу жана Демократиялык партиянын негиздөөчүсү, 81 жаштагы Мартин Ли жана медиамагнат Жимми Лай дагы бар экенин жазган. Кытай бийлиги аларды өткөн жылдагы башаламандыктардын уюштуруучусу деп эсептейт. Кармалгандардын тогузу Гонконгдун мурдагы мыйзам чыгаруучулары.
Кытай бийлиги 2019-жылдагы бийликке каршы нааразылык акцияларынын артында чет элдик күчтөр турат деп эсептейт.
Гонконгдо былтыркы бийликке каршы демонстрациялар башталгандан бери жети миңдей демонстрант кармалган. Басымдуу бөлүгүн студенттер түзгөн миңдеген адамдардын көчөгө чыгышына кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору себеп болгон. Ал документ артка чакыртылганы менен бийликке каршы нааразылык толкуну токтогон жок.
1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылган.