Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 22:59

Трамп: Кытай эпидемиянын жайылышына атайын жол бергени аныкталса анын кесепетин тартат


Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай коронавирус илдетинин жайылышы пандемия деңгээлине жеткенине атайлап жол бергени аныкталса Бээжин анын кесепетин тартаарын айтты. Трамп коронавирус менен күрөшүүгө байланыштуу Ак үйдө өткөн кезектеги брифинг учурунда Кошмо Штаттар коронавирустун баштапкы жайылышын иликтей турганын билдирди. Ал Кытай байкабастан ката кетирип алышы мүмкүн экенин моюндап, «мындай учурда анын күнөөсүн айтуу болбойт» деп белгиледи. «Бирок кеп атайын аракеттер жөнүндө болсо башка иш» деди ал. Трамп кеп эмне жөнүндө болуп жатканын түшүндүргөн жок.

«Жайылып кеткенче Кытайдын ичинде эле токтотуп калууга болмок, бирок ал иш жасалган жок. Эми бүт дүйнө кесепетин тартып жатат», – деди Трамп.

АКШ дүйнө жүзү боюнча коронавирус көп жайылган жана андан каза болгондордун саны боюнча алдыңкы мамлекет болуп калды. АКШда илдеттин курмандыктары 40 миң кишиге жакындады. Трамп «Кытайда коронавирустан төрт миңден ашык киши каза болду» деген расмий статистикага ишенбей турганын дагы бир жолу кайталады.

Буга чейин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзянь вирус атайын жасалганы тууралуу кабарларды төгүндөп, айып эч кандай далил менен коштолбогонун маалымдаган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG