Кыргызстанда 20-апрелге карата дагы 14 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 568 адамга жетти. Алардын ичинен 140ы - медицина кызматкерлери.
Эки адам коронавирустан каза тапты. Алардын бири Чүй облусунан 70 жаштагы аял, экинчиси Ош шаарында жашаган 79 жаштагы эркек. Экөөндө тең коронавирустан тышкары өнөкөт оорулары болгон.
Коронавируска байланыштуу жалпысынан 7 адам каза болду. Буга чейин 5 адам каза болгону кабарланган.
Акыркы суткада 68 адам илдеттен айыгып чыкты. Жалпысынан ооруну 201 адам жеңди.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-апрелде бирифингде билдирди.
Кыргызстанда COVID-19 илдетине кабылган 568 кишинин аймактар боюнча көрсөткүчү төмөнкүдөй:
Ош облусунда – 147
Бишкек шаарында – 115
Жалал-Абад облусунда – 105
Ош шаарында - 87
Нарын облусунда – 68
Чүй облусунда – 32
Ысык-Көл облусунда – 8
Баткен облусунда – 6 киши.
Кыргызстандагы коронавирус илдети көп катталган аймактар жана шаарлар өзгөчө абалдын шартында жашап жатышат. Ал 30-апрелге чейин уланат. (ZKo)