Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Менчик лабораторияда да коронавирус аныктоо иштери башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жакынкы күндөрү Бишкекте Бонецкий менчик лабораториясында коронавирусту аныктоо боюнча иштер башталат. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 20-апрелдеги маалыматына караганда, каалоочулар Бонецкий лабораториясына кайрылып, илдеттин бар-жок экенин аныктап алышса болот. Коронавируска карата алынуучу анализ тапшыруунун орточо акысы 2000 сом болушу мүмкүн.

Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузуп алган алгачкы үч адам 18-мартта катталган.

20-апрелге карата жалпы вируска чалдыккан адамдардын саны 568 болду. Анын ичинен 201 адам оорудан айыгып чыкты. Жети киши илдеттен көз жумду. Коронавирус жуккандардын арасында 140 медицина кызматкери бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG