Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Кыргызстанда коронавирустан дагы эки адам каза болду (видео)


Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус жугузуп алган эки адам каза болду. Бул тууралуу өкмөттө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, каза болгондор Чүй облусунун 70 жаштагы тургуну жана Ош шаарында жашаган 79 жаштагы адам. Муну менен COVID-19 вирусунан каза тапкандардын саны жети адамга жетти.

Үсөнбаевдин маалыматы боюнча, Чүйдүн тургуну вирусту жугузуп алганы кеч аныкталып, ооруканага оор абалда түшкөн. Ал эми өнөкөт оорулары күчөп кеткени үчүн Оштун тургунун сактап калууга мүмкүн болгон жок.

20-апрелге карата Кыргызстанда СOVID-19га чалдыккандар 568 адамга жетти. Алардын ичинен 16 адам ооруканада. Ал эми жалпы ооруну жеңип чыккандардын саны 201 болду. (BkA)

XS
SM
MD
LG