Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Айыгып чыккан дарыгерлер ишке кайтууда

Баткендеги аймактык оорукана. 3-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткендеги аймактык оорукана. 3-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-апрелде брифингде билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин 10 медициналык кызматкер коронавирустан айыгып чыккан.

20-апрелге карата алты медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алган. Жалал-Абад облусунда – 3, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда – 1, Бишкек шаарында – 1 кызматкер.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 140 медициналык кызматкерден табылган. Булардын ичинен: дарыгерлер - 39, фелдшерлер, лабораториялык адистер – 58, медайымдар – 23 жана башка 20 техникалык кызматтагы, айдоочу, IT адистери коронавирус жугузуп алышкан.

Кыргыз өкмөтү ооруга чалдыккан медициналык кызматкерлерге 200 миң сом, эгер илдеттен көз жумса 1 млн. сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүү тууралуу токтом чыгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG