Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Канадада ок атуудан кеминде 16 кишинин өмүрү кыйылды


Канада полициясы. 19-апрель, 2020-жыл.
Канада полициясы. 19-апрель, 2020-жыл.

Дем алыш күндөрү Канаданын Жаңы Шотландия провинциясында куралчан адам кеминде 16 кишини атып өлтүрдү. Алардын арасында өлкөнүн Падышалык атчандар полициясынын офицери, 23 жаштагы Хайди Стивенсон да бар.

"Бүгүн бир топ үй-бүлө аза күтүүдө. Үй-бүлө мүчөсүн жана досун жоготкон ар бир адам колдообузга муктаж. Бул кайгылуу окуянын таасири бир провинциядан экинчисине жайылат", – деди Жаңы Шотландиянын полиция башчысы Ли Бергман.

51 жаштагы Габриэль Вортман деп таанылган шектүү полициянын кийимин кийип, автоунаасын да окшоштуруп жасалгалаган. Полиция 12 сааттык операциянын натыйжасында ал өлтүрүлгөнүн билдирди.

Жаңы Шотландия - Канаданын түштүк-чыгышындагы провинция. Кылмыш 18-апрелдин кечинде Портапик аттуу чакан шаардан башталып, 100 чакырымдай ыраактагы Энфилд шаарына жакын жерден токтотулган.

Канадада куралчан кылмышкер адамдарды көзгө илбестен ата берген учурлар коңшусу АКШга салыштырмалуу сейрек. Буга чейин 2017-жылы бирөө Квебектеги ислам маданий борборунда алты кишини өлтүрсө, 1989-жылы куралчан адам 14 аялдын өмүрүн кыйган.

XS
SM
MD
LG