Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Дарыгерлердин маянасы боюнча жокко чыгарылган буйруктун ордуна өкмөт токтом чыгарат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги жокко чыгарган коронавирустун учурунда медициналык кызматкерлердин айлык акысын төлөө боюнча буйругунун ордуна өкмөт жаңы токтом чыгарат. Бул тууралуу «Азаттыкка» министрликтин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди. Анын айтымында, пандемия учурунда иш токтоп турган шартта төлөнчү айлык акы боюнча 15-апрелде чыккан буйрук айрым мыйзамдарга дал келтириш үчүн гана жокко чыгарылды. Аталган токтомдогу айрым нормалар Эмгек кодексинде каралбай калган. Эми дарыгерлерге айлык акыны төлөө боюнча өкмөттүн токтому чыкканы жатат.

«Жаңы токтомдо дарыгерлердин айлык акысынын суммасы же шарттары эч өзгөрбөйт. Айрым процедуралык маселелер үчүн гана өзгөртүлүп жатат», - деди Жумакеев.

Министрлик учурда өкмөттүн токтому даярдалып жатканын жана жакын арада кабыл алынарын кошумчалады.

Буга чейин Интернетке саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун колу коюлган буйруктун сүрөтү жарыяланган. Анда 15-апрелде кол коюлган эпидемологиялык кырдаалдан улам медициналык кызматкерлерге айлык акы төлөө боюнча буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө айтылган. Мындан улам айрым түшүнбөстүктөр жаралган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG