Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 04:30

Жөлөкпулду жана жеңилдиктерди төлөө мөөнөтү узартылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга киргизилген өзгөчө кырдаалга жана өзгөчө абалга байланыштуу мамлекеттин эсебинен берилген жөлөкпулдар менен жеңилдиктерди төлөө мөөнөтү узартылды. Алардын ичинде жумушсуз отургандарга төлөнүүчү эмгек акы, майыптыгы үчүн төлөнүүчү жөлөкпул, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды баккандарга төлөнүүчү акча каражаттарын мөөнөтүнө карабай берүү улантылат.

Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды карап отургандардын патентинин, камсыздандыруучу полисинин да жарактуулугу узартылат.

Мындан тышкары асырап бала баккан үй-бүлөлөргө акча төлөөнүн жана майып адамдар үчүн курорттук-санаторийлик мекемелерге берилүүчү жолдомо кагаздардын да мөөнөтү узартылат.

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган. 25-марттан тартып оору күчөгөн аймактарда өзгөчө абал жарыяланган. Өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылган.

Учурда өзгөчө абал Бишкек, Жалал-Абад, Нарын жана Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда жарыяланган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG