Бул тууралуу жергиликтүү «Ihlas» кабар агенттиги 19-апрелде маалымат таратты. Маалыматта Түркиянын Билежик аймагынын Карагач айылында жашаган 66 жаштагы кыргызстандык месхет түркү Касым Алиев COVID-19 вирусу менен шаардык ооруканага жаткырылганы жана жети күн бою бул илдеттен дарыланганы жазылган.
Кыргызстандык бейтап дарыланып ооруканадан чыккан соң 17-апрелде үйүндө муунуп каза болгон. Жакындарынын айтымында, коронавирустан улам Касым Алиев оор депрессияга түшкөн.
Каза болгон месхет түркү Касым Алиев Карагач айылына 12 жыл мурун Кыргызстандан көчүп келген. Түрк жараны эки уулу менен айыл чарбасы менен алектенген. Анын сөөгү 19-апрелде өзү жашаган айылда жерге берилген.
2019-жылы Түркияда 40 миңден ашык месхет түркү түрк жарандыгын алган. Дагы 20 миңден ашыгы жарандык күтүп жатат.
Түркияда COVID-19 илдетин жугузуп алгандар алгач 11-мартта катталган. Андан бери өлкөдө мектептер, коомдук жайлар жана айрым ишканалар толугу менен жабылган.
Түркия коронавирустун жайылышын чектөө максатында бардык эл аралык каттамдарын 27-мартта токтоткон. Аймак аралык автобус каттамдары жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 19-апрелде COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 2 миң кишиге жетти. Ал эми вирусту жугузуп алгандар 86 миң адамдан ашты. Ошол эле учурда 12 миңге жакын бейтап айыгып кетти. (ElB)