Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

Орозалиев: Велосипед менен шаарда сейилдөөгө болбойт


Алмаз Орозалиев.
Алмаз Орозалиев.

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев күн жылышы менен балдарын ээрчитип алып, парктарда-скверлерде сейилдеген адамдар көбөйүп жатканын белгилеп, бул өзгөчө абалдын талаптарына жооп бербей турганын билдирди:

«Ата-энелер балдарын ээрчитип же кол арабаларга салып, сейилдей башташты. Шаарда велосипед минип сейилдегендер да көп болуп жатат. Мен түшүнүп турам, балдар сыртка чыккысы келет. Бирок бул өзүңөрдүн, балдарыңардын өмүрү үчүн кооптуу! Ошондуктан өзгөчө абалдын талаптарын эске алып, сыртка чыкпагыла. Коменданттык саат учурунда гана эмес, күндүз да көчөгө зарыл муктаждык болбосо чыкпагыла. Велосипед менен сейилдөөнү да токтоткула. Талапты аткарбагандардын велосипеди алынат».

Комендант «вирусту чогуу, үйдөн чыкпай, өзгөчө абалдын талаптарын аткаруу менен жеңип чыгууга аз убакыт калды» деп, «жарандарга үйдөн чыкпай отуруп, көмүскөдөгү таланттарын ачыкка чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат» деген пикирин кошумчалап кетти.

ИИМдин маалыматына караганда, 20-апрелге караган түнү Бишкекте коменданттык сааттын талаптарын бузган 66 адам кармалган.

Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган. 25-марттан тартып оору күчөгөн аймактарда өзгөчө абал жарыяланган. Өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылган.

Ушу тапта өзгөчө абал Бишкек, Жалал-Абад, Нарын жана Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда жарыяланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG