Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Ататүрк аэропортуна талаштуу оорукана курулууда


Ататүрк аэропортуна оорукана куруу иштери жүрүүдө
Ататүрк аэропортуна оорукана куруу иштери жүрүүдө

Стамбулдун Ататүрк аэропортунун үч учуп-конуу тилкесинин экөөнө коронавирустан жабыркагандар үчүн оорукана курулууда. Апрелдин башында өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган ал жерге 45 күндө миң кишилик оорукана куруларын билдирген.

Бул чечимди Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу кескин сынга алды.

"Чынында Стамбулда жер титирөө сыяктуу башка да коркунучтар бар. Бирок Ататүрк аэропортунун жанында конгресс борбору, ошондой эле бош талаа бар эле. Түрдүү максатка колдонсо боло турган башка жер турганда эки учуп-конуу тилкесин жок кылуу атайын жасалган иш жана кылмыш" - дейт борбордук өкмөткө оппозициячыл маанайдагы мэр.

Өткөн жылы жаңы Стамбул аэропорту ишке берилген. Ошондон соң башкы аба майданы катары кызмат көрсөтүп келген Ататүрк жүк учактарын жана өкмөттүк каттамдарды гана тейлеп калган.

1999-жылы Стамбулда катуу зилзала 17 миң ашуун кишинин өмүрүн кыйган.

Ал эми коронавирус жуктуруп алгандар дүйшөмбүгө карата 86 миңге жетип, статистика боюнча Түркия Иран менен Кытайды ашып өттү.

XS
SM
MD
LG