Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Ошто өзгөчө абал киргенден бери жети аял күйөөсүнө кол көтөргөн факт катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарынын, Карасуу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов 20-апрель күнү брифингде Ош облусунда мурдагы жылга салыштырмалуу үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук азайганын айтты.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка байланыштуу облуста 56, шаарда тогуз факт катталган. Алардын ичинен жети учуру күйөөсүнө кол көтөргөн аялдар боюнча. Катталган иштер тергелип, мыйзам чегинде чара көрүлөт. Мындан сырткары Ош шаары жана Ош облусу боюнча карантин убагында кылмыштуулук, жол кырсыктары кескин азайган.

Бирок укук коргоочулар карантин убагында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук тескерисинче көбөйүп жатканын айтышууда. Ага кабылгандардын басымдуу бөлүгү - аялдар.

2020-жылдын башынан бери бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып, өрт койгон эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберди. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөнү тууралуу маалымат тараган. (DU)

XS
SM
MD
LG