Татарстандагы белгилүү ислам аалымы Габдрахман Наумов «тыюу салынган топтун филиалын түзүп, башкарган» деген айып менен камакта отурганы белгилүү болду. Анын адвокаты Руслан Нагиев кардары бир ай мурда «Нуржулар» аттуу диний топтун лидери деген шек менен кармалганын «Азаттыктын» татар кызматына ырастады.
Наумов - Татарстандагы Орусия ислам университетинин окутуучусу жана борбор Казандын башкы мечитинин мурдагы имамы.
«Анын кармалышы Татарстандагы көпчүлүктү дендароо кылды. Көптөгөн диний жана коомдук ишмерлер Наумовду колдоп жатышат. Ал кандайдыр бир экстремисттик топтун лидери болушу мүмкүн экенине эч ким ишенбейт», - дейт адвокат Нагиев. Ал ошондой эле сот чечими чыга электе эле Татарстандын укук коргоо органдары кардарын экстремисттердин тизмесине кошуп салышканын белгиледи.
Наумов өзү да коюлган айыптарды кескин четке кагууда.
«Нуржулар» кыймылы 1960-жылы дүйнөдөн өткөн түркиялык ислам аалымы Саид Нурси тарабынан негизделген. Орусияда анын ишмердигине 2008-жылы тыюу салынган.
Орус бийлиги аталган кыймыл Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия, Кавказ жана Орусиянын түрк тилдүү аймактарынын башын кошкон ислам мамлекетин түзүүнү максат кылат деп билдирген.