Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Момбеков «каралоо уюштурууда» деп өкмөттү айыптады


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда иштеген генералдар Модомуса Конгантиев жана Нурлан Турсункулов менен эс алып отурган видео боюнча комментарий берди. Эл өкүлү «ачуу сын айтканым үчүн каралоо уюштуруп жатат» деп өкмөттү айыптады. Момбеков эки генерал апрель окуясы боюнча өз жазасын алганын белгилеп, Конгантиев менен Турсункулов 2017-жылы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун штабында иштегенин эске салды.

«Биздин талапкер Сооронбай Шариповичтин штабында иштешти. Аны элдин баары билет. «Ушул президентке добушуңарды бергиле» деп үгүттөп жүрүштү. Турсункулов юстиция, Конгантиев ички иштер министри болуп турганда азыркы президентибиз айыл чарба министри эмес беле. Анда кандай болуп калат? Ким эки жүздүү болуп калат?» - деди депутат.

Момбеков азыр бийликтеги көпчүлүк кадрлар Бакиевдин убагында иштегенин кошумчалады. Ал эки генерал менен мамилеси бар экенине сыймыктанарын айтып, Бакиевдин тушунда иштеген бардык кадрларды кодулай берүү туура эмес деген оюн билдирди. Өкмөт аппараты азырынча депутаттын дооматына жооп бере элек.

Эки күндөн бери Интернетте Курманбек Бакиевдин тушунда иштеген Молдомуса Конгантиев жана Нурлан Турсункулов менен депутат Рыскелди Момбеков тамактанып отурган видео тараган. Анда айрым социалдык тармактын колдонуучулары «апрель окуяларынын катышуучусу Момбеков Бакиевдин режиминде иштегендер менен отурат» деп сындап чыгышкан.

Апрель окуясы боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Алардын арасынан мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов 10 жылга кесилип, 2016-жылдын аягында мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Ал эми ошол кездеги ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге бир нече кылмыш иши козголуп, бирок камалган эмес. Аны сот 2019-жылы актаган.

2010-жылы Кыргызстанда элдик толкундоодон кийин бийлик алмашып, 90го жакын адам окко учкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG