Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:12

Американын WTI мунайы дээрлик 100% арзандады

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-апрелдин кечинде «West Texas Intermediate» (WTI) маркасындагы мунайдын бир баррели дээрлик 100% кунун жоготту. Тактап айтканда шейшембиге оогон түнү Лондон биржасында 0,01 долларга чейин түшүп, кайра жогорулады.

Белгилей кете турган жагдай, бул - WTI мунайынын май айында жеткирилчү бөлүгүнө тиешелүү баа.

Финансы талдоочулары «фондулук биржа тарыхында баанын мынчалык ыкчам кулашы каттала элек болчу» деп жатышат.

Арзандоого коронавирустун кесепетинен улам кара майга суроо-талаптын кескин азайып, Кошмо Штаттардагы WTI мунайы сакталган жайлар толуп баратканы себеп болгон. Өндүрүш ыргагы ушул бойдон кала берсе, Оклахома штатындагы Кушинг резервуары май айында толоорун «Reuters» агенттиги маалымдаган.

Бир жума мурда Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму жана постсоветтик мунайчы өлкөлөр мунасага келишкен. Ага ылайык, май-июнь айларында өндүрүштү суткасына 10 млн. баррелден ашырбоо сүйлөшүлгөн. Ага карабастан 20-апрелде Брент үлгүсүндөгү мунай 7% арзандап, баррели 26 долларга чейин түштү.

XS
SM
MD
LG