Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Польшадан жардамга келген адистер ишке киришти


Польшадан келген адистер. 20-апрель, 2020-жыл.
Польшадан келген адистер. 20-апрель, 2020-жыл.

Коронавируска каршы күрөшкө жардам бериш үчүн келген польшалык адистер Бишкектеги Жугуштуу илдеттер ооруканасында иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, сегиз адистен турган топтун курамында инфекционист, анестезиолог, рентгенолог, хирург жана медициналык орто персонал өкүлдөрү бар.

Бул ооруканада алар төрт күн болуп, кыргызстандык кесиптештерине көмөк көрсөтөт, кеп-кеңеш берет. Мындан тышкары, облустардагы адистер менен онлайн жыйындарды өткөрүшөт.

20-апрелде Бишкекке Кытайдан да медицина кызматкерлери келди.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. (RK)

XS
SM
MD
LG