Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

ИИМ: 21-апрелге карата коменданттык сааттын талаптарын 114 адам бузду


Блокпосттогу милиционер. Ош шаары. 15-апрель, 2020-жыл.
Блокпосттогу милиционер. Ош шаары. 15-апрель, 2020-жыл.

Акыркы суткада саат 21:00-06:00 аралыгында Кыргызстанда коменданттык сааттын талабын бузган 114 адам кармалып, беш автоунаа атайын токтотмого киргизилди.

Алардын ичинен: Бишкек шаарында – 91, Жалал-Абад шаарында – 3,
Ош шаары боюнча - 6, Нарын шаары боюнча - 8, Ат-Башы району боюнча - 5, Сузак району боюнча - 1 адам коменданттык сааттын талаптарын бузган. Ал эми Ноокат жана Кара-Суу райондорунда тартип бузгандар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан тартып 3084 жаран коменданттык сааттын талаптарын бузуп кармалган.

ИИМ жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырды. Мындан тышкары Интернет аркылуу жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертти.

Кыргызстандын коронавирус көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда президенттин жарлыгы менен 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда саат 21:00 – 06:00 аралыгында көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG