Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:13

Мамлекеттик фонддун жерине буудай айдоо сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги Мамлекеттик фонддун карамагындагы айдоо аянттарына буудай айдоо тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Долбоордун максаты - азык-түлүк коопсуздугун жана элди буудай менен толук камсыз кылуу.

Долбоорго ылайык, Мамлекеттик фонддун айыл чарбачылыгы үчүн бөлүнгөн жерине буудай өстүрүү боюнча нормалар аныкталат жана жерди максаттан тышкары пайдаланууга тыюу салынат.

Сунушта өзгөчө кырдаал башталган учурда ун жетишпей калганын эске алып, өлкөнүн өзүндө буудайды арбын айдоо менен ун тартыштыгына жол бербөө зарыл экени белгиленген.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги Мамлекеттик фонддун айдоо аянтынын үчтөн бир бөлүгүнө буудай себүүнү сунуш кылып жатат.

Статистикалык маалыматтар боюнча жыл сайын Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 350 миң тонна буудай ташылып келет. ( ZKo)

XS
SM
MD
LG