Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Коронавирустан айыккан алты дарыгер кайра кызматына киришти


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирустан айыккан алты дарыгер кайра кызматына киришти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан бүгүнкү күнгө карата вирус 147 медицина кызматкерине (42 дарыгер, 61 орто персонал, 24ү кенже персонал, 20сы башка жумушчулар) жукту.

Алардын 13ү айыгып чыкты. Айыккандардын алтоо дарыгер.

Оору жуккан кээ бир дарыгерлер коргонуу чаралары камсыз болбогонун, ал эми өкмөт тийиштүү бардык чаралар көрүлгөнүн билдиришүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG