Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Бишкекте автобус, троллейбустардын айдоочуларына айлык бериле баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилип, коомдук транспорт токтотулгандан бери Бишкек троллейбус башкармалыгы жана Жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы мурдагыдай киреше таппай калган.

Мэриянын маалыматында «Бул ишканалар - өзүнчө чарбалык субъектилер, ошондуктан, негизги киреше эл ташуудан түшөт. Автобустардын айдоочулары азыр медицина кызматкерлерин, милиционерлерди, муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин ташып, иштеп жатат. Ошондуктан, мэр Азиз Суракматовдун буйругу менен автобус жана троллейбус айдоочулардын айлык акысы үчүн 12 млн. сом бөлүнүп берилди», деп жазылган. Ага ылайык, айдоочулардын айлык акысы 21-апрелден тартып бериле баштайт.

Бишкек шаарындагы муниципалдык автобус айдоочулар өкмөткө кайрылып, март айы үчүн айлык акы алышпаганына нааразылык билдиришкен. Алардын видео кайрылуусу социалдык тармактарга жарыяланган.

Коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилген аймактарда 25-марттан тартып автобус жана троллейбус каттамдары убактылуу токтотулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG