Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Акын Элмирбек Иманалиевди жерге берүү зыйнаты 22-апрелде болот


Элмирбек Иманалиев.
Элмирбек Иманалиев.

Маркумдун сөөгү анын Туңгуч кичирайонундагы үйүнөн чыгарыларын, Ала-Арча көрүстөнүнө коюларын Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы Мирзат Муканов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Атам эртең, саат 11де Туңгучтан чыгарылат. Ала-Арчага коюлат.
Бирок бул чакыруу эмес. Аз киши болсун деп жатышат, туура түшүнөбүз», - деп жазылган баракчада.

Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы 20-апрелде кабарланган.

Чыгаан акын Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 13-14 жашынан баштап колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган Элмирбек Иманалиев бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, калк жактырып уккан бир нече обондордун автору болгон.

«Айтыш» коомдук фондусунда көптөгөн жаш акындарга устаттык кылган. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмөлүктөн сырткары «Манас» айтып, дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган. Ал ырчы, обончу катары «Аруузатым», «Булбулум», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы», «Мунарым», «Балкыма» сыяктуу эл оозундагы мыкты бир топ чыгармаларды жараткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG