Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Штаб: Стамбулдан дагы бир учак кыргыз жарандарын алып келет

Стамбулдун жаңы аэропорту.
Стамбулдун жаңы аэропорту.

Кыргызстан Түркиядан кайтууну каалаган жарандары үчүн дагы бир учак каттамын уюштурмай болуп жатат. Бул тууралуу макулдашуу жетишилгенин 21-апрелде Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, 24-апрелге Стамбул-Бишкек каттамы боюнча чартердик авиарейс уюштуруу пландалууда.

Штаб билдиргендей, «Кыргызстандын жарандарын алып келүү элчиликте жана консулдуктарда март айынан бери түзүлүп жаткан тизмеге ылайык жүрүзүлөт. Биринчи кезекте артыкчылык улгайгандарга, балдарга, аялдарга жана ден соолугу начарларга берилет. Учурда кыргыз жарандарынын Түркиянын башка шаарларынан Стамбулга келиши үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн уруксат алуу маселеси талкууланууда».

Түркиядан Кыргызстанга кайта албай жаткан 487 мекендештин 211и 17-апрелде Бишкекке учуп келген.

Авиакаттамдар коронавируска байланыштуу чек аралар жабылганда убактылуу токтогон. (RK)

XS
SM
MD
LG