Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:19

ИИМ: Москвада баласына зомбулук көрсөткөн кыргызстандык эки айга камалды


Интернеттен алынган сүрөт. 17-апрель, 2020-жыл.
Интернеттен алынган сүрөт. 17-апрель, 2020-жыл.

Өз баласына зомбулук көрсөткөн кыргыз жараны Москвада соттун чечими менен эки айга камалды. Бул тууралуу 21-апрелде Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москванын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын аймактык бөлүмүнө ал жаранга карата орус мыйзамына ылайык чара көрүү тууралуу кат жөнөткөнү, факт Кунцево району боюнча катталып, кылмыш иши козголгону маалым болду.

Кылмышка шектүү кыргызстандыкка тергөөчүлөр Орусиянын Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» жана «Баланы тарбиялоо милдетин аткарбоо» деген беренелеринин негизинде айып койду.

17-апрелде Интернеттеги социалдык түйүндөрдө болжол менен башталгыч класста окуган бала аёосуз токмок жеп жаткан видео тарап, бул окуя коомчулуктун кызуу талкуусун жараткан.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги баланы сабаган адам Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 35 жаштагы тургуну экенин, үй-бүлөсү менен 2019-жылы күзүндө Орусияга кеткенин маалымдаган.

Министрлик «Кыргызстандын ИИМинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы ыкчам иликтөө жүргүзгөн соң видеодо жеткинчек баланы сабап жаткан жаран ким экени такталды. Учурда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү тиешелүү ыкчам иштерди жүргүзүүдө» деп билдирген.

Кылмышка шектүү адам же анын жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

2018-жылы Кыргызстанда 13 өспүрүм өлтүрүлгөн, жалпысынан балдарга карата 150гө жакын зомбулук факты катталган. Бирок укук коргоочулар чынында бул көрсөткүч бир нече эсе көп экенин белгилеп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG