Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

ДССУ Беларусту коронавируска олуттуу көңүл бурууга чакырууда


Минск метросу.
Минск метросу.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Беларус үчүн атайын сунуштама иштеп чыгып, 21-апрелде жарыялады. Мунун алдында уюмдун эксперттери өлкө бийлиги коронавируска каршы кандайча күрөшүп жатканын иликтеп, Минск менен Витебск шаарларындагы ооруканаларды кыдырышкан эле.

ДССУ өлкө бийлигин бардык коомдук иш-чараларды жылдыра турууну, балдарды аралыктан окутууну, коронавирус табылгандар менен контактта болгон адамдарды карантинге алууну, маалыматтык саясатты айкын жүргүзүүнү, калктын аялуу катмарына көмөк көрсөтүүнү сунуш кылды.

Буга Беларустун президенти Александр Лукашенко «алар бизди жакшы көрбөйт» деп дароо өз пикирин билдирди. «Бул дайыма саясатчысы көп болгон эл аралык уюм. Бул коронавирус саясатка айланды», - дейт Лукашенко.

Бийлиги коронавируска анчейин маани бербей, өлкөдө коомдук турмуш чектелген эмес.

Акыркы расмий маалымат боюнча Беларуста COVID-19 инфекциясын жуктургандар 6300дү чамалады. Алардын 51и көз жумду. Айыгып чыккандар 514 киши.

XS
SM
MD
LG