Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

Жоошев: Кой-Таш окуясы боюнча сот 22-апрелге белгиленди


Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 3-март, 2020-жыл. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана адвокат Замир Жоошев.

22-апрелге Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму белгиленгенин «Азаттыкка» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев кабарлады. Анын айтымында ага соттон телефон аркылуу кабарлашкан. Жактоочу шаар ичинде жүрүүгө өткөрмө кагазы жок экенин айтып, сотко катыша албай калышы мүмкүн экенин айтты.

Жоошев буга чейин карантинге байланыштуу №1 абакка эч ким киргизилбей жатканын белгилеп, шектүүлөр сотко кантип жеткирилерин түшүнбөй жатканын кошумчалады. Сот отуруму боюнча жагдайды соттун өзүнөн тактоого мүмкүнчүлүк болбоду. 14-апрелде Жогорку сот өзгөчө абалдын мөөнөтү бүткөнгө чейин судьялар менен аппарат кызматкерлери нөөмөт менен иштей турганын кабарлаган.

Кой-Таш окуясына байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон анын тарапташтары айыпталып жатат. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту судья Марат Сыдыковдун төрагалыгы менен карап жатат.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тергеп, Атамбаев баштаган 14 адамга айып койгон. Башкы прокуратура ишти изилдеп чыгып, айыптоо актысынын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берген. Кой-Таш окуясына айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат, себеби алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. Сотту жабык өтөрүү тууралуу чечим 6-марттагы алгачкы отурумда кабыл алынган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG