Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:22

Президенттик аппарат өкмөт башчы тууралуу жалган маалымат таратпоого чакырды

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Наргиза Мансурова өкмөт башчынын кызматтан кетиши тууралуу маалыматтар жалган экенин айтып, мындай ушактарды таратпоого чакырды.

«Премьер-министрдин, өкмөттүн кызматтан кетиши жана өлкө премьер-министринин кызмат ордуна талапкер тандалышы мүмкүн экендиги тууралуу ар кандай ушак-айыңдарды таратпоого чакырабыз», - деп айтылат Мансурованын кайрылуусунда.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси «ушак-айыңдар бирөөлөр аркылуу атайын таратылып жатат» деди. Бирок кимдер жөнүндө сөз болуп жатканын айткан жок. Ошондой эле ал бардык мамлекеттик бийлик органдарынын күч-аракеттери толугу менен коронавирус инфекциясынын жайылышына жана анын кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталып жатканын белгиледи. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Наргиза Мансурова саясатчыларды, жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик органдардын ишине жардам берүүгө чакырды. 

Бир нече күндөн бери айрым жергиликтүү маалымат сайттары өкмөт башчынын кызматтан кетерин жазып жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG