Коронавирустан улам киргизилген карантин шарттарына каршы дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө нааразылык акциялары уюштурулду. Эң көп киши катышкан демонстрациялар АКШнын түрдүү штаттарында болду. Жарандар жумушту жандантууну жана эрежелерди жумшартууну талап кылышты.
Президент Дональд Трамп нааразылыкка чыккандарды колдоду. Ал айрым штаттардын губернаторлорунун карантин чараларын сындады.
Ал арада тыюулар жумшартылган кээ бир штаттарда COVID-19 вирусун жугузгандар көбөйө баштаганы кабарланды.
Вашингтон штатынын губернатору президент чыңалууну күчөтүүгө чакырып жатканын айтып, аны сындады.
АКШ дүйнөдө бул илдет жуккандардын жана көз жумгандардын саны жагынан алдыңкы орунда турат. Өлкөдө 800 миңден көбүрөөк адам вирус жугузуп, 43 миңден көбү жашоо менен кош айтышты.
Карантинге каршы акциялар Бразилияда да уюштурулду. Ал жакта да демонстранттарды президент Жаир Болсонару колдоп, жаштарды чектөөгө карабай ишке чыга берүүгө үндөдү.
Бразилияда ооруга чалдыккандар 41 миңдей адам болсо, алардын 2,5 миңге жакыны көз жумду.
Түндүк Осетияда да жүздөгөн киши нааразылык билдирип, Владикавказдын борборуна чогулушту.
Орусияда оппозиция апрелдин соңунда онлайн нааразылык акциясын уюштурмакчы. Алар бийликтен элге каржылык колдоо көрсөтүүнү талап кылышарын кабарлашкан. Бул өлкөдө 53 миңге чамалуу адамга оору жугуп, 450дөн көбү каза болду.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 22-апрелге карата дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 2,5 миллиондон ашты. Алардын 177 миңден көбүрөөгү жашоо менен кош айтышса, 681 миңден ашууну айыгып чыкты.